"Спорт сарай, айлык, тамак-аш...". Депутат спортчулардын шартын жакшыртууга чакырды (видео)
Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Бишкекке эл аралык мелдештер өтө турган 5 миң орундуу спорт сарай салуу керектигин айтты.
Эл өкүлү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайына 2 миң адам батарын, ал тардык кылып жатканын белгиледи.
"Спорттук медицина тармагын жандандырсак, машыктыруучулардын, спортчулардын айлык, стипендияларын көтөрүп берсек. Депутаттар келерки жылдын бюджетине спорт сарай салуу, спортчулардын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны көбөйтүү, спорт мектебиникин өзүнчө көтөрүүнү жана спорттук медицина тармагына көңүл буруу боюнча колдоп берип койсоңуздар", - деди Атазов.
Ошондой эле ал Париж-2024 олимпиада оюндарында бир катар спортчуларыбыз тарых жаратып, алтын байге багындырарына үмүт артарын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 07.12.23.


