"Күзөттө бир дарыгер жана медайым болгон". Баткенде үй-бүлөлүк дарыгерлерге тартип жазасы көрүлдү
Баткен облусунун Кадамжай районундагы №14 Кайтпас үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлери тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Мирлан Эназаров бүгүн, 7-декабрда билдирди.
Айтымында, дарыгерлер иш күнүндө жумуш ордунда жок деп даттанган окурман кайрылган учурда күзөттө бир дарыгер жана медайым болгон.
"Кадамжай районунун Кайтпас айылында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна оорулуу кечээ, 6-декабрда болжолдуу саат 12:30 чамасында кайрылган. Ал учурда күзөттө дарыгер жана медайым болгон. Бирок аларга чукул чакыруу түшкөнүнө байланыштуу кайрылган жаранга кызмат көрсөтө алышкан эмес. Ал эми башка медициналык кызматкерлер түштөнүү убактысында тамактанууга кетишкендиктен иш ордунда болгон эмес. Бул боюнча атайын териштирүү иштери жүргүзүлүп, күнөөлүү адистерге тартип жазасы көрүлдү", - деди Мирлан Эназаров.
Эске салсак, кечээ, 6-декабрда SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Кадамжайдын тургуну дарыгерлердин иш ордунда жоктугуна нааразы болуп, видеокайрылуу аркылуу даттанган.
"Күзөттө бир дарыгер жана медайым болгон". Баткенде үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерине тартип жазасы көрүлдү
