super.kg logo

Кадамжайда майыптар үйүндө сабалган бейтап. Милиция окуяны териштире баштады

 

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы майыптыгы бар адамды сабап жаткан видео боюнча маалымат берди. Окуя 2021-жылы болгондугу жана бейтапты урганы жаткан киши аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда азыркы күндө Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы Б.К. 2021-жылы санитар болуп иштеп жүргөндө күзөттө турган учурда ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы оорулуу мекемеден качып кеткендиктен аны кайра таап келип, коркутуп коюу максатында опузалап жүргөндүгүн билдирген.

"Ошондой эле социалдык тармактарда тараган видео боюнча сурак жүргүзгөндө бул видео 2021-жылы декабрь айында тартылгандыгы, Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин ички өз ара келишпестиктин айынан аталган видео тасма 2023-жылдын 6-декабрында тарагандыгы маалым болду", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми сабалган бейтапка соттук-медициналык экспертиза дайындалды, аны урган кишиге юридикалык баа берилери айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: