Бишкектин Свердлов районунда башаламан соода жүргүзгөндөргө рейд жүрүүдө





Бишкектин Свердлов райондук администрациясы «Ак-Эмир», «Аламүдүн» базарларында, ЦУМ, ГУМ соода борборлорунда жана ага чектеш көчөлөрдө башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Күн сайын муниципалдык администрациянын жана МАБнын кызматкерлери «Тазалык» ишканасы менен биргеликте аталган базарлардын жана соода борборлорунун аймагындагы, жанаша жайгашкан көчөлөрдөгү белгисиз жайларда мыйзамсыз соода кылуунун алдын алуу боюнча рейддерди өткөрүшөт.
Эскерте кетсек, аталган жайларда башаламан сооданы болтурбоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, МАБ кызматкерлери да көчөдө соода кылуунун алдын алуу боюнча нөөмөттө турушат.
Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Жерди пайдалануу эрежелерин сактоого жана атайын белгиленген жерлерде гана соода кылууга чакырабыз.
