super.kg logo

Чүйдө такси айдоочусун бычактап кетишти (видео)

 

Бишкектин чет жакасында такси айдоочусун бычактап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1971-жылы туулган жаран милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу такси кызматында иштээрин, 6-декабрга караган түнү жумуш учурунда Чүйдүн Луговое айылынан унаасына эки адам түшкөнүн, алар 500 метрдей жылгандан кийин бирөөсү сол тарабына бир нече ирет бычак сайганын айткан.

Кылмышкерлер анын акча, телефонун алып из жашырып кеткен. Жабырлануучу ооруканада жатат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1985-жылы туулган О.М. жана 2003-жылы туулган Ш.Р. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.







Видео: Чүй ОИИББ

Видео: Чүй ОИИББ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: