super.kg logo

Казакстанда SOS сигналын басып, андан кийин дайынсыз жоголгон кишинин сөөгү табылды

 

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында 29-ноябрда дайынсыз жоголгон 34 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн издөө тобу тез арада анын кыймыл жолун аныкташкан. Анда ал такси менен Талгар шаарына келгени аныкталган.

"Бүгүн, 7-декабрда саат 11:00дө полиция кызматкерлери аялына телефондон SOS сигнал берген жерден 1,5 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан суудан дайынсыз болгон адамдын жансыз денеси табылды", - деп айтылат маалыматта.

Анын өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда башка жагдайлар такталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин 34 жаштагы аял күйөөсү 29-ноябрдан 30-ноябрга караган түнү табышмактуу жагдайда жоголуп кеткенин билдирген.

Ал 1-декабрь күнү уюлдук телефонунан аялына SOS сигналын баскан бойдон дайынсыз жоголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: