super.kg logo

Бишкекте катуу таштандыларды чогултуучу өзүнчө пункт муниципалитеттин балансына өткөрүлдү

 

Бишкектин Биринчи Май районунун аймагындагы Көлмө конушунда, Мидин жана Республиканская көчөлөрүнүн кесилишинде тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуучу дагы бир пункт ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштин жыйынтыгы менен акимчиликтин кызматкерлери жана Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү таанышып, мекемени муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча документтер жеринде кабыл алынды.

"Улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын 6 евро контейнерлер орнотулуп, таза суу, канализация жана электр энергиясы тартылып, таштандыларды сорттоочу бөлмө жабдылган", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун максаты: шаардыктарга катуу таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо, жеке ишканаларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Эскерте кетсек, курулуш материалдарын БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму сатып алып, орнотууну “Тазалык” муниципалдык ишканасы жүргүзгөн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: