Орусияда окуучу кыздын классташтарына ок чыгарышы: Окуя болгон жерден видео тарады
Орусиянын Тергөө комитети атышуу болгон Брянск шаарындагы №5 мектептин классынан видеону жарыялады. Буга чейин облустук бийлик атышуудан эки өспүрүм каза болуп, беш өспүрүм жаракат алганын тастыктаган. Жабырлануучулар ооруканада орточо оор абалда жатат.
14 жаштагы 8-класстын окуучусу, мурда аныкталгандай, атасынын тапанчасын мектепке алып келип, андан классташтарына ок чыгарган.
Жарыяланган видеодо көрүнгөндөй, класстын ичинде тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тартип сакчылары кол кап кийип, баарын майда-чүйдөсүнө чейин жаздырып жатышканы көрүнөт.
Класстагы парта, отургучтар негизинен баштапкы ордунда, айрымдары гана ордунан жылган. Окуу китептери жана дептерлери ачык болгон. Демек, ок атуу учурунда класста сабак болуп жаткан.
Орусияда ок атуу болгон класстагы видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.