Бишкектеги соода борборлорунда укуктук кеңештер берилип жатат
Бишкектеги соода борборлорунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жарандар үчүн укуктук кеңештерди берип жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара “Зомбулукка каршы 16 күн” деп аталган эл аралык акциянын алкагында өтүүдө.
"Институттун кызматкерлери 6-декабрда “Бишкекпарк” соода борборуна келгендерге акысыз кеңештерди беришти. Бүгүн, 7-декабрда «АЮ гранд» борборуна келгендерге ушундай эле акысыз консультациялар берилүүдө. Эртең, 8-декабрда институттун кызматкерлери «ГУМ» соода борборунда кеп-кеңештерди беришмекчи.
Акысыз консультация берүү боюнча үч күндүк марафондун алкагында соода борборлору институттун кызматкерлерин маалыматтык стенд жана орундар менен камсыз кылышты" деп билдиришти мекемеден.
Келген жарандар кызматкерлерге ар түрдүү маселелер менен кайрылышууда.
