super.kg logo

Ош облустук милициясынын башчысынын жаңы орун басарлары дайындалды

 

Ички иштер министринин буйругу менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы орун басарлар:

- милициянын полковниги Ахунов Ашырбек Шамшиевич министрликтин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБинин башчысынын кадр боюнча орун басары кызматына дайындалды.

- милициянын полковниги Увалиев Нургазы Кокунбекович ыкчам иштер боюнча орун басар болду. Ал буга чейин Э.А.Алиев атындагы Академиянын жазык укук кафедрасынын улук окутуучусу кызматында иштеп келген.

- милициянын подполковниги Бекташов Эрнист Бекташович Нарын ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБинин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Белгилей кетсек, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жататкандагы сүрөт жана видео социалдык тармактарга тараган. Бул окуядан кийин башкармалыктын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилип, үч орун басары кызматтан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: