Валерий Кичин Кыргызстандын футбол курама командасына кайтып келди
Коргоочу Валерий Кичин Кыргызстандын футбол курама командасына кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.Маалыматка ылайык, учурда капитан менен башка футболчулар Ысык-Көлдө машыгып, Азия кубогуна даярданып баштады.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Ата мекендик команда Оман, Сауд Арабия жана Таиланддын курамалары менен F тобунда беттешет.
"Декабрдын орто ченинде команда БАЭге, андан соң Катарга барат. Бул мамлекеттерде Азия кубогуна даярдыктар уланат", - деп айтылат КФСдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Валерий Кичин буга чейин курама команданын капитаны болгон. Ал дүйнө биринчилигине тандоо оюндарына катышуудан баш тарткан. Бул оюндарда Кыргызстандын курама командасы Малайзиянын футболчуларына 3:4 эсебинде жеңилсе, Омандын оюнчуларын 1:0 эсебинде утушкан.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			
				 8:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(1)
 
	
		
			Munar		
		
			
		
	
	
			
		
	
				09.12.2023. 06:40 
					
			
	Тайпасы:
			
		Комментарийлердин саны:
			
		Катталган:
			01-01-1970
		Соӊку аракети:
			01-01-1970 00:00
		Жынысы:
			Белгисиз
		
			0
					
	
		
			Буга чейн баш тарткан болсо азыр к*туно кирип кет ф*шист деп жонотуп жибериш керек			
		
			1  | 							
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














