super.kg logo

Ташиев соодагерлердин митингин уюштургандарды табууну буйруду

 

Бүгүн, 8-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, бул кеңешме жаңы салык системасын оптималдаштыруунун алкагында, ошондой эле айрым деструктивдүү күчтөр тарабынан өлкөдөгү ири базарлардын соодагерлеринин митингдерин уюштуруу аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетинин алкагында уюштурулган.

"Иш-чаранын жүрүшүндө УКМКнын башчысы УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ишкердик субъекттери, анын ичинде өлкөнүн ири соода жана оюн-зоок борборлорунун ээлери тарабынан чыныгы кирешелерди жашыруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча, митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, Салык кызматында тиешелүү кадрдык иштерди жүргүзүү менен мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин арасында коррупцияны жана паракорчулукту жоюу, ошондой эле бул багыттагы башка маанилүү маселелерди чечүү боюнча биринчи кезектеги милдеттерди койду", - деп айтылат билдирүүдө.

Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун максаты - базардын соодагерлерине жагымдуу шарттарды түзүү, алар үчүн соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү, ошондой эле соода түйүндөрүнүн жана соода-базар комплекстеринин ээлеринин көмүскө кирешелерин аныктоо болуп саналат.

Мындан тышкары УКМКнын мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндөгү көмүскө кирешелерине, коррупцияга жана паракорчулукка каршы иш-аракеттери күчөй турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: