super.kg logo

Борбор калаада кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы өтөт

 

Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Туризм департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара 14-декабрда “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчасында өтмөкчү. Башталышы саат 11:00.

Туристтик мезгилдин ачылышы коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолот. Ошондой эле катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу сынактар уюштурулат.

Андан тышкары, шаардыктарды бул күнү муз тебүү үчүн “Бишкек Арена” тарабынан 50 пайыз арзандатуу күтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: