super.kg logo
  Саясат  

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынтыгы боюнча 12 документке кол коюлду

 

Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйыны өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев төрагалык кылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анын жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу»;

2. “2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоору жөнүндө”;

3. «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө»;

4. “2035-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө мамлекеттердин энергетика тармагында кызматташуу Концепциясынын долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча алгачкы чаралардын Планы жөнүндө”;

5. “Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 2018–2022-жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө”;

6. «КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жана аларды четтетүү боюнча сунуштар жөнүндө»;

7. “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 2030-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун этаптарын колдоо боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү 2024–2030-жылдарга иш-чаралардын Тизмесинин долбоору жөнүндө”;

8. «2024-2026-жылдарга Казакстандын материал таануу токамактары боюнча илимий изилдөөлөр программасы жөнүндө»;

9. «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин базалык уюмдарын түзүү жөнүндө»;

10. «2024-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө чыгымдардын сметасы жөнүндө»;

11. «2024-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин бюджеттен тышкаркы фонддорунун кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы жөнүндө»;

12. «Маалыматтык, аналитикалык жана маалымдама материалдары жөнүндө».






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: