Бишкекте 2006-жылкы кызды сойкулукка тарткан 22 жаштагы жигит кармалды
Бишкек шаарында жашы жете элек кызды алдоо жолу менен сойкулук кылууга тартканга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 1-декабрь күнү милицияга О.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал А. аттуу жарандын үстүнөн мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын октябрь айынан баштап ал жашы жете элек сиңдисин алдоо жолу менен сойкулук кылууга тартканын билдирген.
Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 2001-жылы туулган Т.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.