super.kg logo
  Саясат  

"Мурас" турнири: “Президенттин командасы” чемпион болуп, Садыр Жапаров мыкты бомбардир аталды

 
8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады.
Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты.
Мамлекет башчысы турнирдин негизги максаты - сергек жашоо образын жайылтуу экенин айтты. Ал спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи.
“Турнир барган сайын жакшырып жатканы кубандырат. Муну командалардын оюнунан да көрүүгө болот”, - деди Садыр Жапаров.
Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Турнирде өлк башчы Садыр Жапаров кайрадан мыкты бомбардир болду. Жапаров бул турнирде ар бир беттеште гол киргизди. Бардыгы болуп атаандаштарынын дарбазасына 13 гол киргизген.
Мыкты оюнчу деп "Ден соолук" командасынан Нурлан Турусбеков табылды. Ошондой эле турнирдин мыкты дарбазачысы деп "Билим" командасынан Учкун Байсубанов табылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: