UFC: Конор Макгрегор менен Пётр Ян Дубайда көз караш дуэлине чыкты (видео)
Мурдагы UFC жылдызы, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор орусиялык мушкер Пётр Ян менен Дубайда көз караш дуэлин өткөрдү.
Макгрегор менен Ян Дубайда өткөн Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) бокс боюнча мелдешинде бетме-бет чыгышкан.
Конор Макгрегор акыркы беттешин 2021-жылдын июль айында өткөргөн, анда ал жаракат алып, биринчи раундда эле америкалык Дастин Порьеге утулуп калган. Ал эми Петр Ян акыркы жолу март айында беттешип, грузин мушкери Мераб Двалишвилиге калыстардын бир добуштан чечими менен утулуп калган. Бул Петр Ян үчүн үчүнчү жеңилүүсү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.