super.kg logo

Тюменден Кыргызстанга автобус каттамдары бир жумага токтотулду

 

Катуу сууктан улам Орусиянын Тюмень шаарынан Бишкекке автобус каттамдары токтотулду. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, 8-12-декабрга чейин Кыргызстан менен Казакстанга каттамдар токтотулду. Кеп Тюменден Бишкекке, Астанага, Петропавловск жана Лисаковскиге каттамдардын токтотулушу тууралуу болуп жатат.

"Алгач 35 каттам токтотулду, андан кийин бул сан көбөйдү, анын ичинде Свердлов жана Курган облустарына, ошондой эле Тюмень облусунун бир нече калктуу конуштарына каттамдар токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү ММКлар аймакта абанын температурасы нормадан бир топ төмөн болуп, аномалдуу суук аба ырайы күтүлүп жатканын, айрыкча түнкүсүн үшүк -42 градуска жетип, күндүз -33 градустан жогору көтөрүлө албастыгын билдиришүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: