super.kg logo

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы үй ээлерине тапшырылды  

 

Бишкекте мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы үй ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай борбор калаадагы Анкара көчөсүндө жайгашкан. Сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу менен тиешелүү талаптарга ылайыкталып салынган үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Курулуш ишин “Фаворит Строй Групп” ЖЧК жүргүзгөн. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады. Бул долбоор Министрлер кабинетинин “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагындагы жүзөгө ашырылды.

Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20 пайызын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8 пайыз менен 25 жылга алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта канча жаран үйлүү болгону так айтылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: