super.kg logo
  Саясат  

Ош мамлекеттик университетинин 5 студентине айына 100 доллардан берилүүчү атуулдук стипендиялар тапшырылды

 
Кечээ, 16-декабрда Ош мамлекеттик университетинин 5 студентине атуулдук стипендиялар тапшырылды. Бул тууралуу окуу жайдын тарбия департаментинин директору Замирбек Божонов бүгүн, 17-декабрда билдирди. "Аталган стипендиянын өлчөмү 100 АКШ долларын түзөт. Стипендияны окуу жайда эмгектенген атын атагысы келбеген профессор эки жыл катарынан берип жатат. Студенттер банктык карточка аркылуу бир жыл бою 100 доллардан стипендия алып турушат. Биз аларды ар түрдүү критерийлер менен тандап алганбыз. Быйыл бул стипендияга 24 студент талапкер болуп, алардын арасынан бешөөнү тандап алдык. Алар коомдук иштерге активдүү катышкан, илимий иштерге салымын кошкон, окууда да мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн ар тараптуу студенттер болуп саналат",- дейт бул тууралуу Божонов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: