super.kg logo

Садыр Жапаров Баткендин Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратын ачты

 

Бүгүн, 11-декабрда Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, социалдык маселелерди чечүү үчүн президенттин тапшырмасы менен жаңы оорукана куруу милдети коюлган. Ал үчүн президенттин фондунан 97,5 миллион сом каралган.

Аталган медициналык мекеме 75 орунга ылайыкташтырылган. Учурда оорукананын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, эмеректер менен жабдылган.

Ага ылайык, мамлекет башчысы аталган медициналык мекеменин ишке берилишин канааттануу менен белгилеп, жергиликтүү калк эми сапаттуу медициналык кызмат алуу үчүн ооруканага кайрыла аларын баса белгиледи.

"Садыр Жапаров акыркы мезгилде Баткен облусундагы медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканын айта кетти. Мамлекет саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бардык зарыл нерселерди жасап келүүдө.

Андан соң жаңы оорукананын имаратын кыдырган маалда мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алар менен ар кандай көйгөйлүү маселелер тууралуу сүйлөшүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды чечүүнү тапшырды",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров оорукананын аймагына бак отургузду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: