super.kg logo

Майыптуулукту белгилөө жол жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү

 

Майыптуулукту белгилөө жол жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, министрликтин системасында 27 МСЭК иштейт, алар аркылуу жыл сайын 50 миңден ашуун адам ар кандай кызматтарды алышат.

Ага ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында майыптыгы бар адамдарды күбөлөндүрүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Эми калыбына келбей турган патологиясы бар жарандар үчүн майыптыгын такай тастыктоонун кажети жок.

"Бул адамдар үчүн 5 жылдык мөөнөткө жекече реабилитациялык программалар түзүлүп, алар саламаттыкты сактоо уюмдарынын көзөмөлүндө болот.

Мындан тышкары эгерде жарандар МСЭКке текшерүүгө келе албаса (чет өлкөдө дарылануу, ден соолугунун абалы) алар сырттан кароодон (сырттан кароодон) өтө алышат",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иштин сапатын жогорулатуу үчүн МСЭКтин жетекчилери 81 пайызга жаңыланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: