Бишкекте карыз ижарачыны чыгаруу иш-чаралары башталды
Бишкек шаарындагы шаардык кызматтар муниципалитетке болгон карызы үчүн Фере 32 А дарегиндеги муниципалдык турак эмес жайдан чыгаруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, Бишкек шаарынын Кайгуул милиция башкармалыгынын, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жеринде иш алып барышты.
" Р.А.Ильясов менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын (азыркы ДУМИ) ортосунда Фере 32А дареги боюнча муниципалдык объектти ижарага алуу келишими түзүлгөн.
Бирок ижарачы тарабынан ижара акысын төлөө келишиминин шарттары системалуу түрдө бузулган.
Андан кийин департамент тарабынан көчүрүү чечими кабыл алынган",-деп айтылат маалыматта.
