Садыр Жапаров Капчыгай жана Достук айылдарындагы жаңы салынган үйлөр менен таанышты





Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Капчыгай жана Достук айылдарында аймактагы каргашалуу окуялар маалында талкаланган турак үйлөрдүн ордуна курулган үйлөрдүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган айылдардагы үйлөр жана социалдык объектилер 2022-жылдын сентябрь айында болгон куралдуу кагылышуудан улам талкаланган. Буга чейин Садыр Жапаров Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле куралдуу кагылыштын натыйжасында жабыр тарткан аталган калктуу конуштардын тургундарынын жашоо-турмушу үчүн зарыл жана бирдей шарттарды түзүү максатында, келтирилген зыяндын, талкалануунун бар-жоктугуна карабастан, бул айылдарда жайгашкан жеке турак жайларды толугу менен бузуу иштери жүргүзүлгөн.
"Мамлекет башчысы айылдардын инфраструктурасы менен таанышып, ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар бар экенине жеке өзү ынануу үчүн аталган айылдардын айрым жергиликтүү жашоочуларынын жаңы курулган үйлөрүнө кирип чыкты.
Президентке бул айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана асфальт төшөө, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери боюнча маалымат берилди",-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Садыр Жапаров Достук айылында курулуп, калыбына келтирилген мектепти, фельдшердик-акушердик пунктту, футбол аянтчасын, бассейнди көрүп чыкты. Ошондой эле ал жергиликтүү тургундардын биринин бадыраң өстүргөн күнөсканасына барып, даамын татып көрдү.
Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын кыдыруу учурунда мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, аларды ойлонткон турмуштук маселелери туурасында кызыкты, ошондой эле айыл аксакалдары менен сүйлөштү.



