Кыргызстанда 10 айда темир жол аркылуу канча жүргүнчү каттаганы айтылды
2023-жылдын 10 айында өлкөдө темир жол аркылуу 211 886 жүргүнчү каттаган. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка карганда, эл аралык каттам боюнча 12 617 жүргүнчү жана ички каттамда 199 269 жүргүнчү каттаган.
Билдиргендей ушул жылдын жайында Бишкек - Балыкчы каттамы боюнча VIP жүргүнчү ташуучу вагон даярдалып, кышкы-жайкы кондиционер системасы, телевизор, муздаткыч, Wi-Fi жана башкалар менен жабдылган.
Ошондой эле туристтик компаниялардын өтүнүчү менен Балыкчы бекетине бара турган чет элдиктер үчүн поезддердин курамына Люкс вагондор кошулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.