Таласта "Аю" каймана аты бар жаран кылмыштуу топтон баш тартты
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Аю” каймана аты бар Д.А.Д.га карата алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
"УКМК жана Талас облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан У.Токтосуновдун (кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Д.А.Д.га карата профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ал кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартты", - деп билдиришти УКМКдан.
Ошону менен бирге ал мындан ары мыйзамды сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттендирерин ишендирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.