super.kg logo

Бишкекте бир эле адам 800 миң долларга алданган. Шектүү аял кармалды

 


Бишкек шаарындагы тургундардын бирин ири өлчөмдөгү каражатка алдап кеткенге шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 26-ноябрда аталган бөлүмгө К.Н. аттуу киши А.М. аттуу жарандын үстүнөн арыз менен кайрылып, шектүүгө карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган.

"Жабырлануучу ал адам өзүн шаардагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турак жай ээлеринин шериги катары тааныштырып, ишеничке кирип алдап кеткенине даттанган. Шылуун 2018-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта мындагы батир үчүн ижара акысын алып, соңунда анын 800 миң доллар каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен", - дешти Октябрь РИИБден.

Факт боюнча аталган райондук милиция бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 36 жаштагы А.М. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, кармалган.

Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта анын ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды. Милиция бул аялдан жабыркагандар болсо, 0509 100 188, 0500 030 200, 0557 045 102 же 102 телефон номерлерине байланышып коюусун өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: