Сеулда өтүп жаткан Глобалдык жаштар программасына Кыргыз жаштары да катышууда (видео)
Бүгүн, 12-декабрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында салтка айланган “Азия кайрымдуулук борбору" эл аралык уюму тарабынан уюштурулган Глобалдык жаштар программасы (9th Youth Global Leadership program) өтүүдө.
Бул ирет иш-чара 9-ирет уюштурулуп жатат. Ага “Азия кайрымдуулук борборунун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев баш болгон Кыргызстандын лидер жаштарынан куралган делегация да катышууда.
Азия кайрымдуулук борбору (Asia charitу center) тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чара 5 күнгө созулат. Ага Кыргызстандан сырткары, Монголия, Таиланд, Филиппин, Вьетнам жана Индонезиядан келген жаштар катышып жатат.
Алгачкы күнүндө Кореянын тарыхы, экономикасы, маданияты тууралуу маалымат берилип, лидерлик сапат боюнча окутуулар болууда. Окутууну Кореянын философия илиминин докторлору өтүп жатат.
Алдыдагы күндөрдө тажрыйба алмашуу менен бирге келген делегацияларда өз өлкөсүнүн маданиятын тааныштыруу мүмкүнчүлүгү да бар.
Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат.
Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
Сеулда өтүп жаткан Глобалдык жаштар программасына Кыргыз жаштары да катышууда
Сеулда өтүп жаткан Глобалдык жаштар программасына Кыргыз жаштары да катышууда
