Садыр Жапаров Баткендеги “Алгакадам” ирригациялык каналынын курулушу менен таанышты





Бүгүн, 12-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кадамжай шаарында жайгашкан “Алгакадам” ирригациялык каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ирригациялык каналдын курулушу 2022-жылдын апрелинде башталган. Канал 4 миң 200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылат. Каналдын жалпы узундугу 24,9 чакырым, ал жалпы узундугу 6,3 чакырым болгон үч тоннелди камтыйт:
- “Президенттик” - 2,7 чакырым;
- “Премьер” - 1,9 чакырым;
- “Кеңешчи” - 1,6 чакырым.
"Учурда тоннелдин 741 метри курулуп бүткөн. Долбоорду жергиликтүү тургундар демилгелеп, кийинчерээк аны мамлекет башчы Садыр Жапаров колдогон. Каржылоо мамлекеттин жана ишкерлердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Президенттин фондунан “Алгакадам” коомдук фондуна 50 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, ирригациялык объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнүп, Баткен облусун өнүктүрүү фондуна которулган. Долбоордун болжолдуу сметалык наркы 2 миллиард 972 миллион сомду түзөт. Объектти 2027-жылы ишке берүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы стратегиялык объектти куруунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да мамлекет керек болгон колдоо көрсөтөрүн айтты. Ал жакынкы күндөрү дагы 100 миллион сом кошумча каражат бөлөрүн билдирди.
