Садыр Жапаров Кадамжайда Молдо Нияздын айкелин ачты







Алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракеси өзүнүн кичи мекени Кадамжай районунда белгиленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров акындын айкелин ачты.
Аземге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, журналист, президенттин кеңешчиси Нышанбек Кочкоров жана белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдор баштаган инсандар катышты.
"Мындан тышкары Молдо Нияз Эрназар уулунун реконструкциядан өткөн мектеп үңкүрүнүн ачылуу аземи болду. Бул жайга Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, Көтөрмө айыл өкмөтүнөн 900 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Кошумча Молдо Нияздын баласынын үйү чатырланып, ал жайды тарыхый калыбына келтирүү үчүн жарыктандыруу, көрктөндүрүү, тарыхый буюмдарды топтоо боюнча иштер жасалды", - деп айтылат маалыматта.

