super.kg logo

"Манас" аэропорту "Эйр Кей Джи" компаниясын президенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берди

 

"Манас" эл аралык аэропорту өзүнүн туунду компаниясынын (дочерняя компания) үлүшүн президенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аэропорт тарабынан "Эйр Кей Джи" авиакомпаниясы" ЖЧКсынын уставдык капиталындагы үлүшүнүн 100 пайызын президенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө документтерге кол коюу 2023-жылдын 7-декабрында болуп өттү.

"Эйр Кей Джи" авиакомпаниясы 2013-жылы түзүлгөн жана атайын каттамдарды тейлейт. "Эйр Кей Джи" авиакомпаниясы" метрологиялык лабораториясы өлчөөлөрдүн бирдейлигин жана талап кылынган тактыгын камсыз кылууга, авиациялык жана жердеги техниканы тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган уюмдун бөлүмдөрүндө аткарылуучу иштерди метрологиялык камсыздоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, аэропорттун ишмердүүлүгүнө 2023-жылы жайында түзүлгөн "Асман Эйрлайнс" жаңы туунду авиакомпаниясы катышууда. Ал "Манас" аэропорту өз каражатына сатып алган жаңы Bombardier Dash 8 Q400 учактары менен каттамдарды аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: