"90 пайыз макулдашылды". Камчыбек Ташиев Ятимов менен чогуу чек ара боюнча билдирүү жасады (видео)
Кечээ, 12-декабрда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушуусу болуп өттү. Анын жыйынтыгы боюнча делегация башчылары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов билдирүү жасашты.
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын 90 пайыздан ашыгын координациялоо боюнча макулдашууларга жетишкенин билдирди. Макулдашылган аймактар жакын арада баяндалат.
"Бизде бир нече бөлүмдөр калды, алар боюнча биз жакында ишти бүтүрөбүз. Булар кайсы аймактар? Кайрагач, Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейин. Жумушчу топ бекитүүнү толугу менен аяктады. Андан сырткары Кара-Бак, Лаккон боюнча үч мамлекеттин кошулушун макулдаштык. Ошентип, учурда талаш-тартыштуу суроолор пайда болгон аймактар боюнча иш дээрлик аяктап калды. Мамлекеттик чек араны толугу менен бүтүрүү үчүн саналуу гана жолугушуулар калды”, - деп жыйынтыктады Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиевдин чек ара боюнча билдирүүсү

