Бишкекте үйүндө жаткан 60 адам таң атпай эвакуация болду
Бишкекте өрт чыккан аймактан 60 адам эвакуацияланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Бишкек шаарынын Октябрь районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине аталган кызмат тарабынан таңкы саат 6:14тө жана 6:35те 2 күжүрмөн эсеп, саат 6:36да кошумча Ленин районунан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылып иш алып барышкан.
"Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен өрт кырсыгы саат 7:32де чектелип, саат 8:09да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар тилсиз жоо катталган аймактан болжол менен 60 адамды эвакуациялашкан. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.