"Чара көрүлүшү керек". Депутат Бишкектеги окуучулар суукта убара болгонун айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери онлайн окутууну бүгүн гана укканын айтып, бул боюнча тиешелүү жетекчилерден түшүндүрмө талап кылды.
Жогорку Кеңештин 13-декабрдагы жыйынында ал Бишкекте 215 миң мектеп окуучусу бар экенин, алар убара болгонун айтты.
"Бүгүнкү кырдаал боюнча, Бишкекте 215 миң мектеп окуучусу бар. Бүгүн алардын баарын азапка салдык, эртең менен барышса "Онлайн" деп кайра үйлөрүнө жиберип жатышат. Кычыраган кышта окуучуларды азапка салдык. Эмне үчүн бир күн, эки күн мурун ата-энелерге эскертүү берилип, министрдин буйругу жиберилген жок. 215 миң окуучуну суукта ушундай абалга калтырган үчүн Министрлер кабинетинен тиешелүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүшү керек", - деди Жанар Акаев.
Жанар Акаев таң атпай окуучулар убара болгонун айтты
