Бүгүн Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыкты
Бүгүн, 13-декабрда борбор калаанын жолдоруна кошумча 50 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, күн суукта жүргүнчүлөр транспортторду көп күтүп калып жаткандыктан эртең менен калаа тургундарын ташууга 450 автобус жана 115 троллейбус ишке чыкты.
"Мындай иш-аракеттер калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде көрүлдү. Максаты - графиктин сакталышын көзөмөлдөө жана автобустардын ортосундагы бекитилген 7-8 мүнөттүк интервалды сактоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Апта ичинде дагы 60 автобусту линияга чыгаруу пландалып жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.