super.kg logo

БУУнын Башкы ассамблеясы Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алды

 

Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындай чечим уюмдун баш кеңсесинде кол чабуулар менен кабыл алынып, документке жалпы 153 мамлекет кол койгон. Ал эми АКШ, Израиль, Австрия жана Чехияны кошкондо 10 мамлекет каршы чыккан. Украина, Улуу Британия, Германия, Италия, Аргентина, Грузия жана башка өлкөлөр калыс пикирин билдирген.

Ошондой эле Башкы ассамблея Америка Кошмо Штаттарынын ХАМАСтын чабуулдарын айыптаган пунктуну киргизүү сунушуна каршы добуш берген.

"Резолюцияны Газа тилкесиндеги тургундардын абалы оорлошкондугуна байланыштуу Египет жана Мавритания даярдаган. Анда ок атышпоодон тышкары барымтадагыларды эч кандай талаптарсыз бошотуу жана жергиликтүү жашоочуларды коргоо тууралуу айтылган. Авторлор документтин гуманитардык багытта экендигин жана аны саясатташтырууну каалабай тургандыгын белгилешкен", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми өткөн жума күнү ушундай эле резолюцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинде каршылык кылышкан. Аталган кеңештин 13 мүчөсү чечимдин кабыл алынышын колдогон. АКШ каршылык көрсөтүп, Улуу Британия калыстыгын билдирген.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынан айырмаланып, Башкы ассамблеянын резолюциясы юридикалык жактан милдеттенме күчкө ээ эмес.





			
			

			
			

				
			



						





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: