super.kg logo

ИИМ Бишкектеги Түркиянын элчилигинин жанында жарылган унаа боюнча үн катты

 

Бишкектеги Түркия элчилигинин жанынан автоунаа өрттөнгөнүн Ички иштер министрлиги тастыктап, бул кырсыкта эч кандай террордук жардыруунун белгилери жок экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Б.К. аттуу жаран өзүнүн унаасы менен түндүктү көздөй бара жатып, түтүн чыкканынан жолдун ортосуна токтогон. ӨКМнын өрт өчүрүүчү унаасы келгенче, өтүп бара жаткан айдоочулар жана жарандар жардам берип турушкан. Учурда жеринде милициянын тергөө тобу иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Кырсык болгон жерге саат 14:02де 1 бөлүм тартылып, 14:28де толугу менен өчүрүлдү.

Буга чейин социалдык тармактарга Түркиянын элчилигинин жанында жарылуу болгону боюнча маалымат тараган.






13.12.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: