super.kg logo

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин чатырына күн электр станциясы орнотулду

 

Бишкек шаарындагы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде күн электр станциясы орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, өкмөт мындай демилгелерди колдой турганын айтты.

"Университеттин чатырына орнотулган күн станциясы электр энергиясын гана өндүрүп тим болбостон, студенттер үчүн бул процессти өз көзү менен көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Биз кубанычтабыз жана мындай демилгелерди колдоого дайым даярбыз" , - деди Жапаров.

Ошондой эле ал жалпы 25 миңге жакын студент билим алып жаткан техникалык жогорку окуу жайдын кирешеси 1 миллиард сомго жеткенин жана быйыл QS Asia University Rankings 2024 рейтингинде Азиядагы эң мыкты жыйырма университеттин катарына киргенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: