Эмгек министри Гүлнара Баатырова Жайыл жатак-үйүнүн абалы менен таанышты






Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, кыш мезгилине карата абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Эмгек министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, министр жылытуу системасынын электр казандарын, тамак-аш блогунун жана мончо-кир жуугуч комплексинин иштешин текшерди. Ошондой эле кызмат алуучулардын жашоо шарттары менен таанышты. Мекемеге барган учурда видеокөзөмөл системасы орнотулуп жаткан. Министр бюджеттен тышкаркы каражаттын эсебинен курулган жаңы корпустун сапатын текшерди. 2024-жылдын жазында бул имаратка оор диагноздору бар кызмат алуучулар көчүрүлөт.
"Учурда министрликтин карамагындагы интернаттарда 2,4 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар чоңдор жана балдар жашайт", - деди Гүлнара Баатырова.
Мекеменин директору учурда жаңы имаратты эмерек жана жабдуулар менен камсыздоо үчүн демөөрчүлөрдү тартуу иштери жүрүп жатканын айтты.
"Мамлекет жыл сайын майыптыгы бар адамдарга көбүрөөк көңүл бурууга умтулууда. Интернаттарда тамактанууга бөлүнүүчү жөлөк пулдардын жана каражаттардын өлчөмү көбөйүүдө, "Жеке ассистент" кызматына төлөөнүн өлчөмү өсүүдө. Келечек мамлекеттик реабилитациялык борбору ачылып, мамлекеттик социалдык заказ аркылуу көбүрөөк кызматтар көрсөтүлүүдө", - деп кошумчалады министр.
Ошондой эле ал интернаттын 249 кызмат алуучусун келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, белектерин тапшырды. Майрамдык концерт уюштурулду.
Маалымат үчүн: Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан. Мекеме 1947-жылы карылар үйүнүн базасында түзүлгөн. 1994-жылы 4 кабаттуу, 200 орундуу корпус, ашкана, откана, мончо, кир жуучу жай, кампа жайлары кирген жаңы комплекси эксплуатацияга киргизилген. Мекеме-бул нейропсихиатриялык диагнозу бар аялдар үчүн туруктуу же убактылуу кам көрүү жана медициналык жардамга муктаж болгон социалдык мекеме болуп саналат.
