super.kg logo

ӨКМ өлкө аймагында узак сапарга чыга турган айдоочуларга кайрылды

 

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 13-15-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолдорунун 55-110-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек, 45-48-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Чоң-Ашуу ашуусунда 74-90-чакырымында кар көчкү жана катуу кар бороондору күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле айдоочуларды унаа айдап баратканда коопсуздук чараларын сактоону суранды.

«Урматтуу айдоочулар! Жолдор тайгак болуп, муз тоңгон. Буга байланыштуу унаалардын ортосундагы 50 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Узак сапарга чыкканда кар чынжырларын, тамак-ашты, ысык сууну жана аптечканы алып жүрүүнү унутпаңыз.

Эгер кырсыкка күбө болсоңуз, дароо 112 кызматына чалып, жардам сураңыз», - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: