super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров менен АКШнын элчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкендигин, атап айтканда жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана Борбордук Азия-АКШ саммитинин жыйынтыгында канааттануу менен белгилешти.

Акылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи.

Тараптар келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Ал эки мамлекет башчыларынын Борбордук Азия-АКШ саммитинин алкагындагы жолугушуусун жогору баалап, бул жолугушуу кыргыз-америкалык мамилелерди чыңдоого жана илгерилетүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, жашыл энергетика жана климаттын күн тартиби жаатындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: