super.kg logo

Быйыл Чүйдө 268 орто жана чакан ишкана ачылды

 

Чүй облусунда үстүбүздөгү жылдын 10 айында 268 орто жана чакан бизнес субъектилери ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишканаларда жалпысынан 2 849 жумушчу орун түзүлгөн.

Мындан сырткары быйыл облуста бир нече чоң ири ишканалар курулуп бүтүп, ишке киргизилип, азыр ийгиликтүү иштеп жатышат. Анын ичинде "Аtalyk group" жабык акционердик коому тарабынан "Аталык жем" курама тоют заводу данды жана үрөндү сактоочу кампасы менен кошо ишке берилди.

Ошондой эле "Еврошпалы" темир жол шпалдарын чыгаруучу ишканасы, "Салих Aqua" атындагы балыкка жем чыгаруу ишканасы, "Агро кейджи" ЖАК тарабынан кап жана жип чыгаруу боюнча заводу, "Кыргызпродуктборбор" ЖЧКсынын соода-логистикалык борборунун базасында Кыргызстанда биринчи жолу жашылча-жемиштерди дароо тоңдуруу заводу, "Ийгиликтүү чарба" ЖЧКсынын колбаса жана нан азыктарын чыгаруучу жаңы цехи ишке киргизилип, "Жар птица" дыйкан чарбасы тоок ферма ачып, жумуртка өндүрүүнү баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: