Азия өнүктүрүү банкы өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 миллион доллар бөлөт
Өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 миллион доллар каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-декабрда министр Алмаз Бакетаев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву долбоор боюнча эки тараптуу кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюшту.
Анын алкагында долбоорго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 40 миллион доллар каржыланат жана анын ичинен 20 миллион доллары грант болуп саналат.
"Иш-чаранын жүрүшүндө Алмаз Бакетаев бүгүнкү күндө каржы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу жана айыл чарба тармагын колдоо максатында республикалык бюджеттен 17 миллиард сом "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча каралганын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөдө Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте багбанчылыкта кошумча нарк чынжырынын катышуучуларын колдоо боюнча долбоору иштелип чыккан.
Долбоордун максаты - катышуучу каржы институттары аркылуу нарк чынжырынын катышуучуларына насыя берүү.
