Ошто кар көчкү түшүп, жолдор жабылды
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолунда кар көчкү катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, 74-85-чакырым Тамчы тилкесинде көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Унаа жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 манипулятор тартылды.
Азыркы тапта жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.