Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева элчи Нико Шермерс менен жолукту
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нидерландынын Кыргызстандагы элчиси Нико Шермерс менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушуу Бишкек шаарындагы Акыйкатчы институтунда өттү. Анда тараптар Кыргызстан менен Нидерландынын адам укуктары жана эркиндиктери боюнча өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча талкуулашты.
Кыргызстандын акыйкатчысы менен Нидерланды элчиси жалпы таанылган эл аралык укуктар жана принциптерге ылайык, эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы маселелерде өз ара түшүнүшүүгө жетишти.
Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту өлкөнүн чегинен тышкары да адам укуктарын коргоо боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.
Өз кезегиндн Нико Шермерс адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыга турганына ишенерин билдирди.
