Өлкөдө жалпы канча ККМ иштеп жатат? Салык кызматынын төрагасы жооп берди
Өлкөдө жалпы 71 миң 296 контролдук-кассалык машина колдонулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда салык кызматы уюштурган маалымат жыйынында мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.
Анын айтымында, учурда жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча иштер жүрүүдө.
"Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды сатып алуунун жеткиликтүү шарттарын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Өлкөдө ККМдин реестри түзүлүп, ага 33 модели кирди", - деди Алтынбек Абдувапов.
Мындан тышкары ал ишкердик субъекттер үчүн ККМ алуунун максималдуу жеткиликтүү шарттарын жайылтуу жана берүү максатында бир катар банктар РOS-терминал функциясы камтылган гибриддик ККМ аппараттын жайылтуу иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.
