super.kg logo

Бишкекте 40 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

 

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 40 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөгүн алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна болгон иш сапарынын алкагында бейтапка жолугуп, бейтаптын абалы менен таанышты.

Ага ылайык, бейтап 7 жылдан бери программалык гемодиализде болгон. Бул пациенттин бөйрөк функциясынын жоголушу мурунку гломерулонефриттин кесепети катары кабыл алынган. Бейтап операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктарды өттү. Донор бейтаптын эжеси болду.

"Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргызстандык хирургдар тарабынан ийгиликтүү жасалып келет. Жалпысынан 44 операция, анын ичинде 2023-жылы 8 операция жасалды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.12.2023. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжесине баатыр деген наамды бериш керек. Чыныгы эр журок, абдан мыкты аял экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: