super.kg logo

Бишкекте кышкы туристтик сезондун ачылыш аземи өттү (сүрөт)

 

14-декабрда "BISHKEK ARENA" муз аянтчасында 2023-2024-жылдарга карата кышкы туристик мезгилдин расмий ачылышы болду.

Иш-чара салтанттуу түрдө добулбастын коштоосунда башталып, Туризм департаментинин директору Миңбаев Нурмухамед Бакирдинович сөз сүйлөдү.

Ал шаар тургундарын кышкы туризмдин башталышы менен куттуктап, аталган тармак боюнча өлкөнүн потенциалы чоң экенин айтты.

"Кайсы мезгил болбосун өлкөбүздүн кооз табияты туризмге ыңгайлуу, биз аны дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек" деди.

Ошондой эле Миңбаев иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, өлкөдөгү кышкы туризм мезгилин ачык деп жарыялады.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин жетекчиси Шамканов Жоомарт Жылкычиевич кышкы туризм чоң тармак экенин айтып, дени сак болуу үчүн шаар тургундарын кышкы спорт менен машыгууга чакырды.

Салтанаттту аземде муз үстүндөгү көркөм бий менен катар хоккей оюну көрсөтүлдү.

Андан соң иш-чара концерттик программа менен коштолуп, "Ну-ка все вместе" долбоорунун финалисти Бек Исраилов баштаган бир катар белгилүү ырчылар муз аянтына атайын жасалган сахнада ыр тартуулашты.

Мындан тышкары уюштуруучулар тарабынан конокторго карата кызыктуу оюндар дагы уюштурулуп, сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда келген коноктор үчүн муз тебүүгө убакыт берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: