Жумабеков 90 кыргызстандык үч күндөн бери Казакстандын талаасында жатканын айтты
Кыргызстандын 90 жараны үч күндөн бери Казакстандын талааларында суукта калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда парламентте депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Эл өкүлү алар “Хоргос” базарынан келе жатканда унаалары бузулуп калганын айтты.
"Тез арада жардам берсеңиздер. Тамак-ашы да түгөнүп калыптыр. -35 градус суукта талаада калдык деп кайрылып жатышат", - деди Жумабеков.
Ага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маселе көзөмөлүндө экенин айтып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Жогорку Кеңеш 14.12.23.
Жогорку Кеңеш 14.12.23.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.