Башкы прокурордун орун басары алмашты
Башкы прокурордун орун басары алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Улан Айтбаев дайындалды.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Кумарбек Токтакунов 1981-жылы 13-октябрда Нарын шаарында туулган. Ал башкы прокурордун орун басары кызматын 2021-жылдын 11-августунан бери аркалап келген.
Ал эми Улан Айтбаев 1985-жылы 25-декабрда туулган. Ал 2020-жылдын башкы прокурордун улук жардамчысы болуп эмгектенип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

